Эразмус+ программасынын «Green and Digital Universities for Sustainable Development in Kyrgyzstan» (Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүгө карата жашыл жана санарип университеттер) долбоорунун алкагында Германиянын Гамбург прикладдык илимдер университетинде өткөн семинарга ОшМУнун прикладдык информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти А.О. Абдувалиев, зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти А.М. Абдыкааров жана эл аралык тилдер борборунун директору доцент С.М. Амиралиевдер катышышты.
Иш-чаранын алкагында долбоордун жумушчу тобунун мүчөлөрү Марина Тропманн, Майкл Гилле, Томас Флауер ж.б. германиялык профессорлордун туруктуу өнүгүү боюнча тренингдерине катышып, жашылдандыруу жана санариптештирүү багытында ОшМУда жасалып жаткан иштер тууралуу презентация жасашып, чет өлкөлүк окуу жайлар менен кызматташуу маселелерин талкуулашып, Гамбург шаарынын кооз жерлерине саякат жасап кайтышты.
Гамбург прикладдык илимдер университети күндөн жана шамалдан электр энергиясын алуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат, ал эми бул багыт ОшМУда мурдатан эле мыкты жолго коюлган — күн панелдери корпустардын чатырларына орнотула баштаган.
Долбоордун алкагында аткарылган жумуштар боюнча ОшМУнун отчету эң мыкты деп табылды.
ОшМУнун окутуучулары Гамбург шаарында тренингге катышты